Төө-Ашуудагы тоннелде эки автоунаа кагышты. Сүрөт

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүАвтомобили в туннеле.
Автомобили в туннеле. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлангандар ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкек-Ош трассасындагы Төө-Ашуудагы тоннелде эки автоунаа кагышкандыгын ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба МЧС КРБишкек-Ош трассасындагы Төө-Ашуудагы тоннелде эки автоунаа кагышты
Төө-Ашуудагы тоннелде эки автоунаа кагышты. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Бишкек-Ош трассасындагы Төө-Ашуудагы тоннелде эки автоунаа кагышты

Жол кырсык ишемби күнү, 18-майда эртең менен болуп, Mercedes-Benz менен Toyota Ist кагышкан. Анын кесепетинен Toyota автокөлүгүнөн 5 киши жабыркаган. Куткаруучулар тоннелден жабыркагандарды алып чыгып, алгачкы медициналык жардамды көрсөтүшкөн. Андан соң Кара-Балта шаарындагы ооруканага жеткирилген.

Mercedes автоунаасында үч киши болгондугу жана алардын жабыр тартпаганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0