Нарында сууга түшүп кеткен 6 жашар кыз изделүүдө. Сүрөт

Жазылуу
Куткаруу иштерине 50 киши тартылган.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Нарын облусунун Нарын районундагы Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 18-майда түшүп кеткен 6 жашар кыз изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, куткаруу иштерине 50 киши тартылган.

"Бүгүн саат 08:40та Нарын шаарынан 26 куткаруучу, Суучулдар кызматынан 4 суучул жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылган", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин маалымат кызматы издөө иштеринин жүрүшү боюнча кошумча маалымат берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0