"Ош" базарына жакын жерден жигитти бычактап кетишти

© Sputnik / Жоомарт УраимовБычак кармаган адам. Архив
Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү катары 29 жаштагы киши кармалып, Бишкектеги убактылуу кармоо жайына киргизилген.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. 20-майга караган түнү Бишкектеги "Ош" базарына жакын жерден бир жигит бычакталганын окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Улан Жумаков мындай факты болгонун ырастады.

"Киев менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги супермаркеттин жанынан 22 жаштагы жигит бычакталган. Окуя 20-майда саат 3:00дөр чамасында болуп, кырсык болгон жерге милиция кызматкерлери дароо келген", — деди Жумаков.

Жигитти бычактаган деген шек менен 29 жаштагы киши кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген. Жабыркаган жаран ооруканага жеткирилип, керектүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0