Акча каражаттары. Архив

УКМК кызматкери 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

282
Кармоо иштери 17-майда ишке ашкан.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өздүк коопсуздук кызматы Аскер прокуратурасы менен биргеликте 50 миң сом пара алып жаткан жеринен УКМК кызматкерин кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кармоо иштери 17-майда ишке ашкан.

"Кармалган адам текшерүүнү токтотуу үчүн 350 миң сом пара талап кылгандыгы аныкталды. Бул факт КР Кылмыш жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү жана 326-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", — деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам Бишкек комендатурасынын гарнизинондук гауптвахтасына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

282
Белгилер:
кармоо, пара, УКМК
Тема боюнча
Инспектор айдоочудан 200 сом пара алып жатабы? Күбөнүн видеосу
Рулду кармаган айдоочу. Архивдик сүрөт

Бишкекте кафеге кирип кеткен жолтандабастын айдоочусу изделүүдө

4
(жаңыланган 23:46 07.07.2020)
Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде жолтандабас кафенин ичине кирип кеткен видео жарыяланган.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Борбор калаада дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен жол тандабастын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, бүгүн саат 15:45терде Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде автоунаа кафенин ичине кирип кеткен видео жарыяланган. Алдын ала маалымат боюнча автоунааны кыз башкарып бараткан.

Ылдамдыгы жүрөк түшүрөт! Жалал-Абадда кафени күү менен келип сүзгөн жолтандабастын видеосу

"Кырсык катталган жерден автоунаа айдоочусу из жашырып кеткен. Буга байланыштуу милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына багыттама берилип, издөө бөлүмүнө айдоочуну табуу тапшырылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Кайгуул кызматы из жашырып кеткен айдоочу жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

4
Белгилер:
кырсык, милиция, издөө, айдоочу, кафе, Бишкек
Тема боюнча
Бишкекте жөө адамды автоунаа коюп кетип, каза болуп калды
Комада жаткан ырчы Асел Кадырбекова көзүн ачып, эсине келе баштады
Ооруканадагы бейтап. Архивдик сүрөт

34 жашта эле... "Манас" аэропортунун мурдагы вице-президенти көз жумду

322
(жаңыланган 22:18 07.07.2020)
Илим Карыпбековдун айтымында, аэропорттун мурдагы аткаруучу директору Даир Токобаев пневмонияга кабылган. Ал 34 жашта болчу.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун мурдагы вице-президенти Даир Токобаев каза болду. Бул тууралуу анын мурдагы кесиптеши Илим Карыпбеков соцтармак аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, Токобаев пневмонияга кабылган. Ал 34 жашта болчу.

Абалы кескин начарлап кеткен. Чыныбай Турсунбеков реанимацияда үзүлгөн

"Даир боорукер, акылдуу, өз ишин мыкты билген кесипкөй адам эле. Артында балдары калды. Ал пневмонияга кабылган. Абдан өкүнүчтүү, абдан! Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деп жазган Карыпбеков.

Илим Карыпбеков өзү "Манас" эл аралык аэропортунда 2014-2015-жылдары аткаруучу директор болуп иштеген.

322
Белгилер:
пневмония, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония
Тема боюнча
Депутат Чыныбай Турсунбековдун сөөгү бүгүн жерге берилет
Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова пневмониядан каза болду