Канал. Архив

Ошто 10 жашар кыз каналга агып кетти

155
Окуя кечээ болгон.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Ош шаарында каналга агып кеткен 10 жашар кыздын сөөгү бүгүн эртең менен табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 19-май күнү кечинде болгон. Тартылган куткаруучулар кеч кирип кеткенине байланыштуу саат 20.50дө издөө иштерин токтоткон. Бүгүн 6.24тө издөө кайра жанданып, тестиердин сөөгү 10 мүнөттөн кийин табылган да ата-энесине өткөрүп берилген.

155
Белгилер:
куткаруучу, ӨКМ, канал, Ош шаары
Тема боюнча
Нарында сууга түшүп кеткен 6 жашар кыз изделүүдө. Сүрөт
Противогаз кийген ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Оштогу күйдүргү: ооруканада канча киши калды

93
(жаңыланган 21:36 14.08.2020)
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында 24-августка чейин 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ошто күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдүн арасынан бирөөндө гана вирус аныкталды. Калган жети киши үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Күйдүргү бир адамдан чыкты, калганы таза экен. 24-августка чейин айылда 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган. 

93
Белгилер:
анализ, вирус, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды
Муштум. Иллюстративдүү сүрөт

Жатып калган кишини мыкаачылык менен сабады делген киши кармалды

187
Кечээ социалдык тармактарда бир адам эси-учу жок жаткан кишини ур-тепкиге алып, кийин автоунаага түшүп кетип калган видео тараган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Бишкекте эркек кишини сабап салды деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулу билдирди.

Окуя кечээ саат 18:40та Кайыңды жаңы конушунда болгон. 102 кызматына белгисиз жаран бир кишини сабап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Көп өтпөй социалдык тармактарда бирөө эс-учу жок жаткан кишини ур-тепкиге алып, кийин автоунаага түшүп кетип калган видео тараган.

Милициянын маалыматына караганда, сабалган адам тирүү. Ошондой эле ал кол салган кишинин автосун айдай качкан деп шектелүүдө.

Насыя үчүн аялын өлтүрө сабаган зөөкүр. Июлдагы соттук чечимдер

"Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1986-жылы туулган жаран кармалып, Свердлов районунун тергөө кызматына өткөрүп берилди", — деди Айтикул уулу.

Аталган факт Жазык кодексинин 139-беренесине ("Ден соолукка оор залака тийгизүү") ылайык Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

187
Белгилер:
видео, автоунаа, кылмыш, эркек, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Интерпол аркылуу изделген Түркиянын эки жараны Кыргызстанда кармалды
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды