Бишкекте кемпирди байлап алып кыйнап өлтүрдү дегендер кармалды. Сүрөт

Жазылуу
Укук коргоо органдарынын алдын ала берген маалыматы боюнча, каракчылар пенсионердин үйүнө кирип, аны тоноо максатында кыйнашкан.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Милиция кызматкерлери Бишкекте кемпирди мыкаачылык менен өлтүрдү деген шек менен 38 жана 54 жаштагы эки кишини кармады. 

© Фото / Пресс-служба ГУВД города БишкекМилиция кызматкерлери Бишкекте кемпирди мыкаачылык менен өлтүрдү деген шек менен 38 жана 54 жаштагы эки кишини кармады
Бишкекте кемпирди байлап алып кыйнап өлтүрдү дегендер кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Милиция кызматкерлери Бишкекте кемпирди мыкаачылык менен өлтүрдү деген шек менен 38 жана 54 жаштагы эки кишини кармады

15-майда саат 16:55те Ленин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Лагерь көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде кемпирдин сөөгү жатканы боюнча маалымат түшкөн.

Адамды сабап жаткан эркек киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылдашын тамеки үчүн өлтүрө сабаган. Нарындагы чуулуу окуя
Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу келип, жеке үйлөрдүн биринен 83 жаштагы кемпирдин сөөгүн табышкан. Анын колу жана башы байланып, денесинен ур-токмоктун белгилери даана байкалган. Аталган факты Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү бардык экспертизалар дайындалды.

Ленин РИИБдин криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү шектүүлөрдүн аты-жөнүн тактап, алар буга чейин соттолгонун аныкташкан.

Колго түшкөн жарандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0