Бишкекте баланы бус жол чийинден коюп кеткен кырсыктын чоо-жайы

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЖолдон өтүп бараткан бала. Архив
Жолдон өтүп бараткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсык болжол менен саат 18.30да болуп, бала ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынан Жантөшев менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишинде болгон автокырсыктын чоо-жайын айтып беришти.

Окуя 21-майда болжол менен саат 18.30да болуп, бала ооруканага түшкөн.

"48 жаштагы айдоочу Байтик баатыр көчөсүндө түштүктү көздөй келе жатып, Жантөшев көчөсүнөн адамды койдуруп алган. Ал жөө кишилер үчүн чийилген сызыктан өтүп бара жаткан", — деп айтылат маалыматта.

Жабыркаган 11 жаштагы бала  ооруканага жеткирилип, автоунаа айып короого токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0