Батукаевдин иши боюнча Нарын шаарынын мурдагы судьясына айып тагылды

CC BY 2.0 / Brian Turner / My Trusty GavelДжохар Царнаев приговорен к смертной казни
Джохар Царнаев приговорен к смертной казни - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батукаевди Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Бирок жаза мөөнөтүнүн жарымын өтөбөй калган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча Нарын шаарынын мурдагы судьясына айып тагылганын Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, судья  2013-жылдын 9-апрелинде Батукаевдин "айыккыс оорусунан" улам абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунуштамасын тыкыр иликтеп чыкпастан, аны канааттандырып берген. Кылмышкер Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Депутат ЖК Зарылбек Рысалиев - Sputnik Кыргызстан
Зарылбек Рысалиев Батукаевдин иши боюнча сурак берип чыкты
2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчет берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын билдирип, көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган.

Белгилей кетсек, Батукаевди Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Ал эми Нарын шаарынын мурдагы сотуна Кылмыш жаза кодексинин 335-беренесинин 1-бөлүгү ("Билип туруп акыйкатсыз өкүм чыгаруу") жана 317-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.

Эскерте кетсек, Батукаевдин ишин ал кезде Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов караган.

Жаңылыктар түрмөгү
0