Өкмөттүк трассада эки автоунаа кагышып, беш киши жабыркады. Видео

Жазылуу
Окуя 23-майда болжол менен саат 08:30да Айтматов проспектиси менен Ажыбек баатыр көчөсүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Борбор калаадагы өкмөттүк трассада эки автокөлүк кагышып, анын кесепетинен беш киши ооруканага жеткирилди. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын маалымат кызматынан кабарлашты.

Окуя 23-майда болжол менен саат 08:30да Айтматов проспектиси менен Ажыбек баатыр көчөсүнүн кесилишинде болгон.

"Mercedes Benz автоунаасы Айтматов проспектиси менен түштүктү көздөй бара жатып, Ажыбек баатыр көчөсүндө чыгыш тарапка келе жаткан Toyota Avensis менен кагышкан. Андан улам беш киши ооруканага жеткирилген",— деп айтылат маалыматта.

Учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатканы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0