Салянованын инисинин өлүмү: үчүнчү шектүү Бишкекке алып келинди

© AP Photo / Rick BowmerПриют в центре города Солт-Лейк-Сити
Приют в центре города Солт-Лейк-Сити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү 2018-жылдын январь айында Москвадан кармалган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын инисин өлтүрүүгө шектелген үчүнчү киши Москвадан Бишкекке учак менен алып келинди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

23-майда ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын өкүлдөрү Москвага барышкан. Колго түшкөн 36 жаштагы Асанэмир Абыкулов атайын конвой менен Бишкекке алып келинип, №1 тергөө абагына киргизилди. Ал алдамчылыкка жана адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Киши 2018-жылдын январь айында Москвадан кармалган.

Буга чейин Улан Саляновду өлтүрүүгө шектелип 33 жаштагы Эрмек Осмонкулов жана 31 жаштагы Заур Насруллаев кармалган.

Улан Салянов 6-ноябрда киши колдуу болгон. Бир нече киши анын үйүнө кирип барып ок чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0