Кыргызстанда төрт баллдык жер титирөө болду

Жазылуу
Кыргызстандыктар жердин төрт баллдын тегерегинде термелгендигин сезди.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кыргызстандын түштүгүндө төрт баллга жеткен жер титирөө болгонун Улуттук илимдер академиясынан кабарлашты.

Жер титиреп, көк тиреген үйдүн чатырындагы бассейндин суусу чачылды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жер титиреп, көк тиреген үйдүн чатырындагы бассейндин суусу чачылды. Видео
Жердин силкинүүсү 27-майда 00:33тө катталган. Термелүүнүн очогу Алай тоолорунун этектеринде, Нура айылынан түштүк-батышты көздөй 20 чакырым жерде катталган. Бул жер Кара-Киндик айылынан түштүк-чыгышты көздөй 25, Бор-Дөбө кыштагынан түндүк-чыгышты көздөй 35 чакырым, ал эми Ош шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 134 чакырым аралыкта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү Нура, Икизяк айылдарында — 3 баллды, Кара-Киндик, Бор-Дөбөдө — 2,5 баллды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0