Сокулукта киши канализациянын люгуна түшүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКанализационный люк на столичной дороге
Канализационный люк на столичной дороге  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя бүгүн, 27-майда, саат 07:52де Краснодар көчөсүндө болгон.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда 44 жаштагы киши канализациянын люгуна кулап кеткенин ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя бүгүн, 27-майда, саат 07:52де Краснодар көчөсүндө болгон.

"Куткаруучулар кишини люктан чыгарып биринчи жардам көрсөтүштү. Жабырлануучу Тез жардамдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Кишинин абалы канааттандырарлык.

Жаңылыктар түрмөгү
0