Жалал-Абадда банкты тоноого аракет кылган куралчан киши кармала элек. Видео

Жазылуу
Окуя учурунда эч ким жабыркаган эмес.

ОШ, 27-май – Sputnik. Жалал-Абад шаарында жайгашкан банктардын биринин филиалын курал менен тоноого аракет кылган шектүү киши кармала элек. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, окуя 25-май күнү эртең мененки саат 8:20лар чамасында болуп, банктын имаратындагы видеокамерага түшүп калган.

Үч жигит Бишкектеги май куюучу жайды тоноп кетти. Карактоонун видеосу - Sputnik Кыргызстан
Үч жигит Бишкектеги май куюучу жайды тоноп кетти. Карактоонун видеосу
Банктын имаратын жеке күзөт кызматы кайтарып келген.

Видеодо бет кап кийген куралчан киши банктын имаратына кирип, күзөтчүнү коркутканын көрүүгө болот. Ал касса тарапка да барууга аракет кылган. Бирок кайра эле сыртка чыгып, окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткен.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Банк кызматкерлери жана күзөтчү жабыркаган жок жана мүлк уурдалган эмес. Учурда кылмышкер изделип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0