Ошто 8-класстын окуучусу бычакталып каза болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи нападения в КР
Случаи нападения в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелип кармалган баланын каза тапкан окуучудан бир жаш улуу экендиги айтылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошто 8-класстын окуучусу бычакталып каза тапкандыгын аталган калаанын милициясы билдирди.

Случаи нападения в КР  - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаанын Үгүт айылында 11-класстын окуучусу бычак жеп каза болду
15 жаштагы өспүрүм ооруканадан көз жумган. Такталган маалыматка таянсак, ал Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы мектептин окуучусу болуп чыкты. Трагедия бүгүн, 30-майда, саат 11:00дөр чамасында болгон.

Өлтүрүүгө шектелип андан бир жаш улуу өспүрүм кармалды. Алдын ала берилген кабарда балдар дүкөндөн чогуу чыгып, жолдон уруша кеткен.

Тергөөчүлөрдүн айтымында, улуураак бала окуучуну курч буюм менен бир нече жолу сайып алган.

Учурда тергөө уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0