Милиция ырчы Дайыр Исмадияровдун машинасын уурдады деген кишини кармады

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүАвтомобильные воры
Автомобильные воры - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 29-апрелде таңкы саат 4:00дөр чамасында болгон.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин кызматкерлери ырчы Дайыр Исмадияровдун машинасын уурдап кеткен жаранды кармады. Бул тууралуу ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Исмадияров милицияга арыз жазып, белгисиз киши 29-апрелдин таңында "Империя пиццы" кафесинин жанында токтоп турган Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаасын уурдап кеткенин айткан.

"Белгисиз киши ырчынын кафенин ичине чечип койгон күрмөсүн алып кеткен. Анын чөнтөгүндө акча жана автоунаасынын ачкычы болгон", — деп айтылат маалыматта.

Угнанный автомобиль Ferrari 288 GTO в Гревенбройхе - Sputnik Кыргызстан
Кардармын деп 2 млн. евролук унааны уурдай качкан киши кармалды
Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 206-беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары Талас облусунун 22 жаштагы тургуну кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Ырчы автоунаасын таап берген милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0