Араванда кыргыз чек арачыларын тоготпогон өзбекстандык киши жарадар болду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүСитуация в Луганске
Ситуация в Луганске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек ара кызматынан айдоочу менен болгон чатактын чоо-жайын айтып беришти.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстандын чек арачылары курал колдонууга аргасыз болуп, өзбекстандык бир киши жаракат алды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Окуя бүгүн, 31-майда, Ош облусундагы Араван районунун Тогуз-Булак айылында болгон.

Ситуация на кыргызско-таджикском участке границы - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып кете жаздады
Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, кыргызстандык чек арачылар чек аранын жанынан Өзбекстандан келген эки автоунааны тапкан. Алар аскерлердин токтогула деген буйругуна көнгөн эмес. Чек арачылар асманга эскертип ок атканы менен автоунаалар токтобой койгон. Кыргызстандык аскерлер акыры жүрүп бараткан автокөлүктүн дөңгөлөгүнө атканда өзбекстандыктардын бири жарадар болгон.

Ок жеген киши Өзбекстандын Мархамат райондук ооруканасына жеткирилген.

Аталган чатак боюнча Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Өзбекстандын чек ара аскерлеринин жетекчиси менен сүйлөшкөн. Эки тарап биргелешип иликтөө жүргүзүү чечимин кабыл алган.

Окуя болгон аймакта эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0