Чүй: Криминалдык милициянын жетекчи орун басары курал сатууга шектелип кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековНезаконное продажа огнестрельного оружия
Незаконное продажа огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиционерлерге уюшкан кылмыштуу топ түзүү боюнча айып тагылууда.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери Чүй ОИИБинин Криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары менен дагы бир кызматкерин кармады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына УКМК менен милициядагы ишенимдүү булактар билдирди.

Окуя Токмок шаарында болгон. Бир тууган милиционерлердин жанында травматикалык курал жана чолок мылтык болгон.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алар курал сатууга аракет кылып жатышкан. Ошондой эле милиционерлерге уюшкан кылмыштуу топ түздү делген айып тагылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0