Мас күйөөсүн бычак менен жүрөккө сайган. Майдагы чуулуу окуялар

Жазылуу
Бир даана тамеки үчүн айылдашын өлгүчө сабаган эргул, классташын мыкаачылык менен өлтүргөн дос сөрөй, мас болгон эркекти бычактап өлтүргөн келин.

Так ушундай төбө чачты тик тургузган кылмыштарды өткөн айда өлкөдөгү соттор карап чыкты. Sputnik Кыргызстан агенттиги алардын айрымдарын тизмектейт.

Аракеч жолдошун тынчыткан келин

Адамды сабап жаткан эркек киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айылдашын тамеки үчүн өлтүрө сабаган. Нарындагы чуулуу окуя
Маркум үйгө мас абалында иниси менен келип, келинчегинин колунан тамак жеп, дагы бир бөтөлкө арак ичкен. Үй-бүлө башчысынын мастыгынан корккон аял түндө көчөгө чыгып кетип, кайра келген. Ошондо жолдошу ага күч колдонуп коркутканда, аны бычак менен жүрөккө сайып алгандыгын сот отурумунда билдирген. Эркек окуя болгон жерде көз жумган. Буга чейин соттолгон келин беш жарым жылга кесилди.

Соттолгон тарбиячы

Жалал-Абад шаарындагы бала бакчада иштеген 29 жаштагы тарбиячы жашы жете электерге кол көтөрүп келген. Анын мындай аракеттери төрт жаштагы кыз таяк жеп, бети менен столдун кырына жыгылгандан кийин белгилүү болгон. Кичинекей чүрпө бала бакчадагы эжейи кантип чачын жулуп, чымчыгандыгын ата-энесине төкпөй-чачпай айтып берген. Соңунда фемида өкүлдөрү ал келинди бир жылга шарттуу соттоп, 10 миң сом айыпка жыкты.

Классташынын колунан ажал тапкан дос

Окуучу кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зордукчудан качкан окуучу кыз 2-кабаттан кулап... 90-жылдардагы кылмыштар
Мурда соттолбогон 44 жаштагы жаран өзүнүн досу менен үйдө арак ичип отуруп уруша кеткен. Мас болгон үй ээси шеригин кетмен менен бир нече жолу башка чаап, андан соң анын сабы менен сайгылап өлтүргөн. Сот отурумунда айыпталуучу кылганын моюндаган. Ал аябай мас болуп калгандыктан окуя кандайча болгонун билбей калганын айтып, маркумдун жакындарынан кечирим сураган. Эми чоң муштум 15 жыл бою темир тор артында болуп, 100 миң сом моралдык зыян төлөйт. Арактын айынан чыккан каргашадан улам алты бала атасыз калды.

Мушташкан курбулар

Айнура менен Рабия көп жылдан бери борбор калаадагы базарлардын биринде бут кийим сатышчу. Алар кошуна болуп, үч жылдан бери таарынышып жүргөн. Күндөрдүн биринде Айнура соода кылган контейнерине келип ачайын десе, кулпу менен эшик түкүрүк болуп калганын көрөт. Ал шак эле буга Рабияны күнөөлөп, ачууланып ага барган. Рабия да мурдагы курбусунан кем калышпай аны тосуп алып, так ошол кулпу менен Айнураны бир нече жолу уруп жиберген. Сотто Айнура 116 миң сом материалдык жана 100 миң сом моралдык чыгым талап кылган. Бирок соттун чечими менен Рабия ага жалпы 62 миң сом төлөмөй болду.

Аптекадагы карактоо

Сот залындагы мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыйзамсыз байыды делген Дүйшөнбек Зилалиевдин иши сотко өттү
Соттолуучунун балдары ооруп, дары-дармекке акча издеп, караңгыда дарыканага кирип акчасы жок экенин айтып, сатуучудан дары берүүсүн өтүнгөн. Дарыканачы баш тарткандан кийин чыгып кетип, бир аздан соң кайра кирип кассадагы акчаны алып, эс алуу бөлмөсүнөн чуркап чыккан сатуучуну түртүп качып кеткен. Кийин ал кылганын мойнуна алып, укук коргоо органдарына өзү келген. Сотто жабырлануучу аны кечиргендигин айтып, ага карата жаза колдонбоону суранган. Бирок сот аны беш жылга кесип, 70 миң сом төлөмөр кылды.

Кандуу түн

Кылмыш ишинин күбөлөрүнүн бири кечинде өз үйүндө отурган маалда белгисиз аял алардыкына келген. Ал эшикти тынымсыз такылдатканынан улам, үй ээсинин кызы каалганы ачкан. Босогодо колуна бычак көтөрүп кан жалаган келин турганын көргөн кичинекей кыз коркконунан чаңырып жиберген. Аял болсо милиция менен тез жардам кызматын чакырып берүүнү суранган. Келиндин берген көрсөтмөсүнө караганда, ошол түнү анын үйүнө мурда жакын мамиледе болуп жүргөн таанышы мас абалында келген. Ал жөн кетпей келинди чачынан сүйрөп, оозу кан жалап, тиши түшүп калганча сабаган. Ошондо кожойке эптеп бычакка жетип, эргулду ичке, төшкө бир нече жолу сайып, коркконунан батирден качып кеткен. Эми аял 10 жыл түрмөдө болот.

Чылымга бааланган өмүр

Случаи похищения людей - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө кыз менен уландын бакка асылган сөөгү табылды
Тамекинин айынан чыккан уруш төрт баланы атасыз калтырды. Каргашалуу окуя Нарындагы айылдардын биринде болгон. Анда соттолуучу айылдаштары менен арак ичип отуруп бир таанышынан тамеки сураган, ал "сатып чекпейсиңби" деген жооп узаткан. Мындан улам алардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, тааныштар ары жакка барып мушташа кетишкен. Кылмышкер жабырлануучуну эки жолу бетке уруп, башка тээп, кайра бөтөлкөлөштөрүнө келип аны жаткыра чапканын айтып мактанган. Чогуу майрамдап жүргөндөр мушташ болгон жерге барып, ал дагы деле эс-учун жоготуп жаткандыгын көргөн. Мындан улам аны автоунаага салып ооруканага алып жөнөшкөн. Бирок жабырлануучу жолдон эле көз жумган. Фемида өкүлдөрү чоң муштумду тогуз жылга эркинен ажыратып, көз жумган адамдын жакындарына 100 миң сом төлөмөр кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0