Кара-Көлдө 10 жылдыктар эки милиционерди сабап салды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи смертельной драки в КР
Случаи смертельной драки в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки укук коргоочунун тең баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган.

ОШ, 1-июн. – Sputnik. Кара-Көл шаарында 10 жылдыктар менен эки милиционердин ортосунда чыр чыгып, укук коргоочулар сабалган. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Случаи нападения с ножом  - Sputnik Кыргызстан
Мас күйөөсүн бычак менен жүрөккө сайган. Майдагы чуулуу окуялар
Маалыматка караганда, 26-майга караган түнү Кара-Көл шаарындагы Серый көчөсүндө 10 жылдыктар эс алып жүрүшкөн. Алар эки милиционер менен чырдаша кетип сабап коюшкан. Бирок укук коргоочулар жарандык формада болгондуктан айыпталып жаткандар алардын милиционер экенин билишкен эмес.

Окуянын кесепетинен эки укук коргоочунун тең баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган. Алардын бири 28, экинчиси 25 жашта. Учурда алар шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө жатат.

Аталган факты боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Ички иликтөө кызматы дагы окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0