Жалал-Абадда аттракциондон кулаган кыз ооруканага түштү

Жазылуу
Өспүрүмдүн баш мээси чайкалган.

ОШ, 1-июн. – Sputnik. Жалал-Абад шаарындагы Токтогул сейил багындагы аттракциондордун биринен 14 жаштагы кыз 7 метр бийиктиктен кулап түштү. Бул тууралуу окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Казакстанда шамал батутту учуруп балдарды басып калды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда шамал батутту учуруп, балдарды басып калды. Видео
Анын айтымында, окуя бүгүн, 1-июнда, саат 15:00дөр чамасында болгон.

Жабырлануучу ошол замат Жалал-Абад облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилген. Медициналык борбордон маалымдашкандай, кыздын баш мээси чайкалган. Мындан сырткары, денесинин бир канча жеринен жаракат алган.

Өспүрүм шаарга Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын Комсомол айылынан келгени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0