Бишкектин Арча-Бешик конушунда унаа коюп кеткен эне-бала каза болду

© Sputnik / Табылды КадырбековТез жардам кызматы жана милиционерлер. Архив
Тез жардам кызматы жана милиционерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармакта Mercedes Benz 210 унаасынын айдоочусу саатына 160 чакырым ылдамдык менен баратып сүзүп, аялды 100 метрдей сүйрөп кеткенин жазышууда.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Борбор калаанын Арча-Бешик конушунда унаа 34 жаштагы аялды төрт жашар баласы менен коюп кетти. Мунун кесепетинен эне-бала мерт болду. Бул туурасында Бишкек шаардык Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык 1-июнда саат 23.00дө Шералиев көчөсүндө болуп, айдоочу из жашырып кеткен.

"Энеси кырсык болгон жерде мүрт кетип, баласы ооруканага жеткирилгенден кийин үзүлгөн. Mercedes Benz 210 үлгүсүндөгү автоунааны З.К. аттуу 19 жаштагы жигит айдап бара жаткан.  Кийинчерээк ал күнөөсүн моюндап милицияга өзү келди", — деп айтылат маалыматта.

Автоунаа айып короого киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Аталган окуя боюнча социалдык тармактарда маалымат тарап, Mercedes Benz 210 унаасынын айдоочусу саатына 160 чакырым ылдамдык менен катуу баратып кырсыктаганын айтышууда. Ал эми аялды сүзгөндөн кийин 100 метрдей сүйрөп кеткенин жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0