УКМК: узарткычка үн тыңшагыч орнотуп сатып жүргөн киши кармалды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ГКНБУКМК жашыруун маалымат алып, кайсы бир адамды көзөмөлдөп турчу каражаттарды сатып жүргөн жаранды колго түшүрдү
УКМК жашыруун маалымат алып, кайсы бир адамды көзөмөлдөп турчу каражаттарды сатып жүргөн жаранды колго түшүрдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттун санкциясына ылайык, сатуучунун үйү тинтүүгө алынып, үн тыңшагычтар орнотулган узарткычтар табылды.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. УКМК жашыруун маалымат алып, кайсы бир адамды көзөмөлдөп турчу каражаттарды сатып жүргөн жаранды колго түшүрдү. Бул тууралуу комитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГКНБУКМК жашыруун маалымат алып, кайсы бир адамды көзөмөлдөп турчу каражаттарды сатып жүргөн жаранды колго түшүрдү
УКМК: узарткычка үн тыңшагыч орнотуп сатып жүргөн киши кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
УКМК жашыруун маалымат алып, кайсы бир адамды көзөмөлдөп турчу каражаттарды сатып жүргөн жаранды колго түшүрдү

Сайттардын биринде жашыруун түрдө аудио жаздырып жана видео тарткан каражат сатылары тууралуу жарнама берилген.

Соттун санкциясына ылайык, сатуучунун үйү тинтүүгө алынып, үн тыңшагычтар орнотулган узарткычтар табылды.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевге коюлмак делген үн тыңшагычтар чыры. Прокуратуранын маалыматы
Аталган факты боюнча КРдин Жазыктар кодексинин 252-беренесине (Атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз чыгаруу жана сатуу) ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

Белгилей кетсек, буга чейин интернет айдыңында өзүн "Форум" имаратында (анда КСДПнын кеңсеси жайгашкан) иштеген киши катары тааныштырган адамдын видеосу тараган. Ал УКМКнын кызматкери Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовдун кабинетине үн жаздыруучу каражатты орнот деп талап кылып жатканын билдирген.

Ал адам УКМКнын кызматкерлери апрель айынан бери аңдып жүрүп, акыры WhatsApp аркылуу чалышканын билдирген. Кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кабинетине үн жаздыруучу аппарат орнотмокчу болгон деген маалыматты төгүндөгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0