Бишкекте болгон жарылуунун чоо-жайы белгилүү болду

© Sputnik / Максат ЭлебесовСотрудники милиции на месте взрыва в котельной на улице Панфилова в Бишкеке
Сотрудники милиции на месте взрыва в котельной на улице Панфилова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүргүнчүлөрдү тейлеген фирманын кир жуучу цехиндеги суу ысыткан 40 тонналык казан меш жарылган.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" Мамлекеттик компаниясы" ишканасынын башкы инженери Николай Лиличенко казан мештеги жарылуунун чоо-жайын айтып берди.

Окуя 3-июнда саат 8:45тер чамасында болгон.

Лиличенконун айтымында, жүргүнчүлөрдү тейлеген фирманын кир жуучу цехиндеги суу ысыткан 40 тонналык казан меш жарылган. Бул боюнча комиссия түзүлүп, ички иликтөө жүргүзүлмөкчү.

"Төрт киши — күзөтчү менен жүргүнчүлөрдү тейлеген фирманын үч кызматкери жаракат алды. Цехтин терезелери сынган. Жарылуу бир нече себептен болушу мүмкүн, аны комиссия териштирет", — деди Лиличенко.

Окуя болгон жерди милиционерлер, Транспорт прокуратурасынын кызматкерлери карашты. Мамлекеттик экотехникалык инспекциясынын адистери да келе турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0