Бишкектеги жарылуудан жаракат алган төрт адамдын абалы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековВзрыв в котельной на улице Панфилова в Бишкеке
Взрыв в котельной на улице Панфилова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаракат алган эки адамдын абалы оор, бирөө реанимацияда жатат.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги жарылуудан жаракат алгандардын абалы тууралуу маалымат билдирди.

Белгилей кетсек, 3-июнда эртең менен темир жол бекетинин жанында жүргүнчүлөрдү тейлеген фирманын кир жуучу цехиндеги суу ысыткан 40 тонналык казан меш жарылган. Мунун кесепетинен төрт адам жаракат алганы кабарланган

Маалыматка ылайык, үчөө Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна, бирөө Улуттук госпиталга жаткырылган.

"Жабыркаган бир кишинин денесинин 22 пайызы күйгөн, абалы азырынча оор. Экинчисинин бели сынган, жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Үчүнчүсү нейротравматология бөлүмүндө, башынан жаракат алып, мээси чайкалган, көкүрөгү сыйрылган, абалы орто. Төртүнчүсү да нейротравматологияда, мээси чайкалган, абалы салыштырмалуу канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.

Бул кырсык боюнча комиссия түзүлүп, ички иликтөө жүргүзүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0