Айт намаздагы милиция кызматкерлери

Бишкекте айт намазга тапанча менен бычак алып келгендер кармалды. Сүрөт

4143
(жаңыланган 13:23 05.06.2019)
Шаардык милициянын берген маалыматы боюнча, майрамдык айт намазга 50 миңден ашык киши келген.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Бишкекте укук коргоочулар айт намазы окулган эски аянтка тапанча, бычак жана кайчы алып кирүүгө аракет кылгандарды кармады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

  • Сотрудниками четвертого отдела городской милиции УВД Октябрьского района г.Бишкек были выявлены попытки пронести оружие - травматические пистолеты на Айт намаз
    Бишкекте айт намазы окулган эски аянтка тапанча, бычак жана кайчы алып кирүүгө аракет кылгандарды укук коргоочулар кармады
    © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
  • Сотрудниками четвертого отдела городской милиции УВД Октябрьского района г.Бишкек были выявлены попытки пронести оружие - травматические пистолеты на Айт намаз
    Коомдук тартипти сактоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралар учурунда Октябрь РИИБдин төртүнчү бөлүмүнүн кызматкерлери травматикалык тапанча жана саюучу-кесүүчү буюмдарды алып кирүүгө аракет кылды деп Н.М. менен А.Д. аттуу жарандарды кармады
    © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
  • Сотрудниками четвертого отдела городской милиции УВД Октябрьского района г.Бишкек были выявлены попытки пронести оружие - травматические пистолеты на Айт намаз
    Алар териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келген.
    © Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
1 / 3
© Фото / пресс-служба ГУВД Бишкека
Бишкекте айт намазы окулган эски аянтка тапанча, бычак жана кайчы алып кирүүгө аракет кылгандарды укук коргоочулар кармады

Коомдук тартипти сактоо максатында жүргүзүлгөн иш-чаралар учурунда Октябрь РИИБдин төртүнчү бөлүмүнүн кызматкерлери травматикалык тапанча жана саюучу-кесүүчү буюмдарды алып кирүүгө аракет кылды деп Н.М. менен А.Д. аттуу жарандарды кармады. Алар териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө алынып келген.

Шаардык милициянын берген маалыматы боюнча, майрамдык айт намазына 50 миңден ашык киши келген. Ал эми алардын коопсуздугун 2 миңден ашык милиция кызматкери камсыздаган.

4143
Белгилер:
Айт намаз, тапанча, милиция
Тема боюнча
Бишкекте он миңдеген адам майрамдык намазга жыгылды. Видео