Орок айылындагы жаңжалга катышкандарды милиция кармаган видео

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуКонфликт между местными жителями в селе Орок Сокулукского района
Конфликт между местными жителями в селе Орок Сокулукского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы маалыматтар боюнча, Орок айылынын 25-30дай тургуну Сокулук РИИБине алынып келген.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Сокулук районунун Орок айылындагы жаңжалга катышкандарды милиционерлердин кармап жаткан видеосу тарады. Анда укук коргоо органдары жаш жигиттерди колдон алып, автобуска алып бара жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле аялдар милиция кызматкерлерин токтотууга аракет кылып, аларды тилдеп жатканы тартылып калган.

Ороктогу жаңжал боюнча милициянын жообу

Чүй облустук милициясынын маалымат катчысы Назира Имангазиева Ороктогу мушташтын чоо-жайын айтып берди.

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуОрок айылынын 25-30дай тургуну Сокулук РИИБине алынып келген.
Орок айылынын 25-30дай тургуну Сокулук РИИБине алынып келген. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Орок айылынын 25-30дай тургуну Сокулук РИИБине алынып келген.
© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуОрок айылындагы өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, эки бала бир баланы сабап койгон.
Орок айылындагы өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, эки бала бир баланы сабап койгон. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Орок айылындагы өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, эки бала бир баланы сабап койгон.
1/2
Орок айылынын 25-30дай тургуну Сокулук РИИБине алынып келген.
2/2
Орок айылындагы өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, эки бала бир баланы сабап койгон.

Ага ылайык, Орок айылындагы өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, эки бала бир баланы сабап койгон. Имангазиева таяк жеген бала ооруканага жаткырылып, учурда абалы туруктуу экенин кошумчалады.

"Маалымат алгандан кийин ыкчам топ окуя болгон жерге дароо чыгып, аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Учурда Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Эки өспүрүм убактылуу кармоо жайына киргизилди", — деди ал.

Конфликт между местными жителями в селе Орок Сокулукского района - Sputnik Кыргызстан
Милиция Ороктогу мушташтын чоо-жайын айтты
Имангазиева белгилегендей, жаракат алган баланын туугандары айылга келип, мыйзамга туура келбеген иштерди жасашкан.

"Азыркы маалда алдын ала маалымат боюнча 15 үйдүн терезеси талкаланган. Андан сырткары, жыйылып турган чөп өрттөлгөн. Учурда 25-30 киши Сокулук РИИБине жеткирилди. Милиция тараптан бардык аракеттер көрүлүүдө. Чүй облусунун администрациясы тарабынан калкка түшүндүрүү иштери жүрүп жатат", — деди ал.

Окуя болгон жерде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы менен Ички иштер министрлигинин жетекчилери жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0