Ороктогу жаңжалга байланыштуу кармалгандардын 24ү кое берилди

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуКонфликт между местными жителями в селе Орок Сокулукского района
Конфликт между местными жителями в селе Орок Сокулукского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милицияга жалпы жонунан Ороктун 31 тургуну жеткирилген болчу.

БИШКЕК, 6-июн. – Sputnik. Сокулук районуна караштуу Орок айылындагы жаңжалга байланыштуу жүргүзүлгөн оперативдик тергөө амалдары жана түшүндүрүү иштеринен кийин кармалгандардын 24ү кое берилди. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.
Милицияга жалпы жонунан Ороктун 31 тургуну жеткирилген. Учурда Сокулук РИИБи менен Чүй ОИИББдин кызматкерлери тартипке көз салууда.

Конфликт между местными жителями в селе Орок Сокулукского района - Sputnik Кыргызстан
Орок айылындагы жаңжал: ооруканага түшкөн балдардын абалы айтылды
Белгилей кетсек, жаңжал 5-июнда эртең менен Сокулук районунун Орок айылында чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, жергиликтүү өспүрүмдөр айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, экөө бир баланы сабап койгон.
Андан соң таяк жеген баланын туугандары айылга келип, мыйзамсыз аракеттерге барышкан. Жаңжалдын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланып, жыйылып турган чөп өрттөлгөн. Бул боюнча 31 киши кармалып,  Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча (бейбаштык) сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0