Милиция Ороктогу жаңжалга катышкан депутат Кылыч Боркоевди кармап турат

© AFP / ATTILA KISBENEDEKСуд над Рамилем Сафаровым в Будапеште
Суд над Рамилем Сафаровым в Будапеште - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан жаңжалга катышты деп 32 киши кармалып, Боркоевден башкасы бүт коё берилген.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештин депутаты Кылыч Боркоев Ороктогу жаңжалга катышканы үчүн кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Чүй ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Конфликт между местными жителями в селе Орок Сокулукского района - Sputnik Кыргызстан
Орок айылындагы жаңжал: ооруканага түшкөн балдардын абалы айтылды
Милиция жалпысынан жаңжалга катышты деп 32 кишини кармап, Боркоевден башкасын бүт коё берген. Чүй ОИИБдин маалымат кызматы эл өкүлү бейбаштык беренеси менен кармалып турганын кабарлады.

Белгилей кетсек, 5-июнда эртең менен Сокулук районунун Орок айылында жергиликтүү тургундар арасында жаңжал чыккан. Милициянын маалыматы боюнча, жергиликтүү өспүрүмдөр Айт намазынан чыккандан кийин айтыша кетип, экөө бир баланы сабап койгон.

Андан соң таяк жеген баланын туугандары айылга келген. Жаңжалдын кесепетинен 15 үйдүн терезеси талкаланып, жыйылып турган чөп өрттөлгөн. Бул боюнча кармалган 32 кишинин 31и коё берилди.

Окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча ("Бейбаштык") сотко чейинки териштирүүлөр жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0