Ысык-Көлдө эки бөбөк эски муздаткычтын ичинен чыга албай каза тапты

© Sputnik / Юрий Заритовский / Медиабанкка өтүүМуздаткыч. Архив
Муздаткыч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдарды беш саатка чукул издешкен.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районунун айылдарынын биринде 3-июнда эки бир туугандар — 6 жана 4 жаштагы балдар муздаткычтын ичинде калып каза тапты. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынан кабарлашты.

Случаи утонувших детей в озерах КР - Sputnik Кыргызстан
Таш-Көмүрдө эки жашар бала каналга түшүп кетти
Маалыматта алардын короодо ойноп жаткан жеринен жок болуп кеткендиги айтылат. Балдарды саат 11:55тен тарта кечки бештерге чейин издешкен. Ата-энеси менен кошо издеген кишилер бөбөктөрдү советтик эски муздаткычтан тапкан.

Алдын ала берилген маалыматтарда наристелер анын ичине ойноп кирип, кайра чыга албай калышкан.

Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине кырсыктуу окуя катары катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0