Сурак учурунда депутат Рысалиевдин абалы начарлап, ооруканага түштү

Жазылуу
Эл өкүлү суракка эртең мененки саат 10.00дө кирген.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз боштондукка чыгып кетиши боюнча ИИМдин мурдагы башчысы, азыркы эл өкүлү Зарылбек Рысалиев Ички иштер министрлигинде сурак берди. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.

Анын айтымында, депутат суракка бүгүн, 7-июнда, эртең мененки саат 10.00дө кирген.

"Төрт сааттык сурактан кийин тыныгууга убакыт берилген. Ошол учурда депутат өзүн жаман сезип, ооруканага жаткырылды", — деди агенттиктин маектеши.

Эске салсак, Рысалиев май айында дагы сурак берип чыккан болчу.

Батукаев иши

Типтирүүмүн, өлө турган жөнөкөй киши эмесмин. Рысалиевдин ызаланган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Типтирүүмүн, өлө турган жөнөкөй киши эмесмин. Рысалиевдин ызаланган видеосу
2019-жылдын 17-апрелинде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши жанданганын билдирип, көп өтпөй Батукаевге диагноз койгон онколог, лаборатория кызматкери камакка алынган. Андан кийин ошол кезде Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп турган Динара Сагинбаева, ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, ошол учурда вице-премьерликти аркалаган Шамил Атаханов камакка алынган. Кийин Сагинбаева үй камагына чыгарылган.

Аламүдүн райондук соту Батукаевди 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.

Көп өтпөй Батукаевди камактан бошотуу өкүмүн чыгарган Нарын шаарынын мурунку судьясына да кылмыш иши козголгон. Ал эми 5-июнда экс-прокурор Аида Салянова дагы камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0