Базар-Коргондо үч күндөн бери изделген өспүрүмдүн сөөгү дарыядан табылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкери издөө иштери учурунда. Архив
ӨКМ кызматкери издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштерине жалпы жонунан 45 куткаруучу тартылган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бүгүн, 8-июнь күнү, Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр айылындагы дарыядан үч күндөн бери изделип жаткан 15 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, ӨКМге маалымат 5-июнь күнү түшкөн. Өспүрүмдү издөөгө 45 куткаруучу жана 250дөй жергиликтүү тургун тартылган.

Бүгүн саат 18.40та дарыядан баланын сөөгү табылып, туугандарына берилди.

Ал эми издөө иштерине катышкан куткаруучулар туруктуу ордуларына кайтканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0