Милиция иликтеп баштады. Түндө Бишкекте эркектер топтошуп алып мушташкан видео

© REUTERS / Jonathan BachmanБывший боец UFC Артем Лобов
Бывший боец UFC Артем Лобов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган фактыны шаардык милиция тастыктап, 266-берененин ("Бейбаштык") негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынганын айтышты.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Борбор калаанын 3-кичи районунда түндө эркек балдар топтошуп алып мушташкан окуя боюнча милиция иликтөө иштерин баштады. Бул маалыматты Бишкек шаардык ИИБдин маалымат кызматынын өкүлү Улан Жумаков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине айтты.

Эске салсак, мушташтын видеосу "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн.

"Мушташ чындыгында шаардын 3-кичи районунда, унаа токтотуучу жайдын жанында болгон. Милицияга эч ким арыз менен кайрылган эмес. Интернетке тараган видеонун негизинде сотко чейинки иштерди баштадык. Аталган факты 266-берененин ("Бейбаштык") негизинде Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды", — деди Жумаков.

Ал учурда окуянын чоо-жайы такталып жатканын жана кийинчерээк толук маалымат берилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0