Бишкекте дагы бир массалык мушташ видеого түшүп калды. Видео

Жазылуу
Окуя 8-июнга караган түнү 3-кичи райондогу түнкү клубдун жанында болгон.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкекте жаш балдардын массалык мушташы видеого түшүп калды. Ролик "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

Кадрлардан 15тей бала эки жаат болуп бири-бири менен мушташып жатканын көрүүгө болот.

Случаи драки людей в КР - Sputnik Кыргызстан
Петербургда кыргызстандыктар жергиликтүү тургундар менен мушташа кетти
Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактардан билдиришкендей, окуя 8-июнга караган түнү 3-кичи райондогу түнкү клубдун жанында болгон.

Ушул эле жерде андан кийинки түндө дагы уруш чыккан. Бирок милицияга эч ким арыз менен кайрылган эмес. Анткен менен интернетке тараган видеонун негизинде сотко чейинки иштер башталып, аталган факты Кылмыш жаза кодексинин 266-беренесине ("Бейбаштык") ылайык Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0