Ысык-Көлдө кыз узатууда тартылган эттен 19 киши ууланды

© Sputnik / Актан ТемиркановМясо в казане
Мясо в казане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайрылгандардын бирөө кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык ооруканасына 10-июнда тамак-ашка ууланган 19 киши кайрылды, алардын төртөө — балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, кайрылган бейтаптар кыз узатуу тоюна барышкан.

"Кайрылгандардын бирөө кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылса, 11 киши Ак-Суу райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө. Жети киши амбулатордук дарыланууга чыгарылган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда кайрылгандардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө жана керектүү дары-дармек менен камсыздалган.

Райондук санитардык эпидемиологиялык борбору тарабынан тийиштүү текшерүүлөр жүрүп жатат. Тамак-аштан атайын анализдер алынды. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0