Жол белги. Архивдик сүрөт

Казакстанда Кыргызстан менен Россиянын жарандары жол кырсыгына кабылды

209
(жаңыланган 14:42 11.06.2019)
Жабырлануучулар ооруканага жаткырылды.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Костанай облусундагы жол кырсыгында башка өлкөлөрдүн беш жараны жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Toyota Estima жана Toyota Corolla үлгүсүндөгү унаалар Алматы — Екатеринбург жолунда кагышкан. Жыйынтыгында россиялык жаш үй-бүлө эки баласы менен жана бир кыргызстандык киши жабыркады.

Бешөө тең ооруканага жаткырылып, аталган факты боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

209
Белгилер:
жаран, унаа, жол кырсыгы, Казакстан
Тема боюнча
Беш-Күнгөйдө мотоциклчен киши жолтандабасты сүзүп мүрт кетти