Чүй: суу жээгинде ойноп жаткан эки жашар наристе дайынсыз жоголду

© AFP / Jan-Philipp Strobel / DPAЖара в Германии
Жара в Германии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Издөө иштерине төрт куткаруучу тартылган.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Бекитай айылында 11-июнь күнү эки жашар наристе жоголгону тууралуу кабар түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Баланын ата-энесинин айтуусу боюнча, бөбөк агып жаткан суунун жээгинде ойноп жүргөн.

Издөө иштерине кечки саат  жетиге чукул төрт куткаруучу тартылган, тилекке каршы, наристе табыла элек. Учурда издөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0