Бишкекте эки унаа кагышып, үч киши жаракат алды. Сүрөт

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуЖол кырсыгы 12-июнда кечки саат 22.05 чамасында Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде болгон
Жол кырсыгы 12-июнда кечки саат 22.05 чамасында Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде болгон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынын кесепетинен жөө басып бараткан адам да жаракат алды.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкекте эки унаа кагышып, анын кесепетинен үч адам жаракат алды. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол кырсыгы 12-июнда кечки саат 22.05 чамасында Чүй проспектиси менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде болгон.

"Honda Accord үлгүсүндөгү автоунаа Чүй проспектиси менен баратып Жаш Гвардия бульварына бурулганда каршы тилкедеги BMW менен кагышкан", — деп билдирди милициядан.

Кырсыктын кесепетинен BMW автоунаасы жөө бараткан кишини коюп кетип, мамыны сүзүп токтогон.

Жөө бараткан киши, Honda Accord унаасынын жүргүнчүсү, BMW машинасынын айдоочусу ооруканага жеткирилген.

Аталган кырсык Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0