Сокулукта "Жигули" ири аңга түшүп кетип, экскаватор менен чыгарышты. Видео

© Sputnik / Алексей МальгавкоПодготовка к запуску движения по первому участку трассы "Таврида"
Подготовка к запуску движения по первому участку трассы Таврида - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖККББдан окуянын болжолдуу себебин айтып беришти.

БИШКЕК, 15-июн – Sputnik. Сокулук районунда "Жигули" үлгүсүндөгү унаа ири чуңкурга түшүп кеткендигин Чүй облусунун Жол кыймылын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын билдиришти.

Окуя өткөн түнү, саат 01:00 жана 02:00дө Гавриловка айылында болгон. Чуңкур жолду оңдоо үчүн казылган. Кырсыктан улам айдоочу менен жүргүнчү райондук ооруканага жеткирилген.

Унааны атайын техника менен чыгарып жаткан видео "Короче" Telegram-каналына жүктөлгөн. 

Милициянын болжолдуу маалыматына караганда, айдоочу рулда уктап кеткен. Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, машине атайын токтотуучу жайга киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0