ЖМК: Россиядагы киши өмүрүн алган кырсыкта 4 кыргызстандык жабыркады

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын номери тагылган Honda Stepwgn унаасында 8 адам бара жаткан.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Оренбургдагы киши өмүрүн алган жол кырсыгынан төрт кыргызстандык жабыркаганын облустун милициясына таянып "Московский комсомолец" жазды.

Көл жээгинде бараткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бирөөнү куткарам деп сууга чөккөн жигит үйдүн жалгыз уулу болгон. Баткендеги кырсык
Авария 16-июнь күнү эртең менен Оренбург — Самара жолундагы Переволоцкий районунда болгон. "Баргузин" ГАЗы менен сегиз кишиси бар КР номери тагылган Honda Stepwgn кагыша кеткен. Маалыматта айдоочу рулга ээ боло албай калып, каршы тилкеге чыгып кеткени айтылат.

Кырсыктын кесепетинен "Баргузиндин" айдоочусу каза тапкан. Андагы бир жүргүнчү менен беш жашар бала жакын жердеги ооруканага жеткирилди. Дагы төрт кыргызстандык жаран ар кыл жарааттарды алышкан.

Укук коргоо органдары окуя болгон жерде иштеп жатышат, кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.

Sputnik элчиликтен маалыматты тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0