УКМК: "Кыргыз темир жолу" бюджетке 69 млн. сом чыгым келтирген

© Sputnik / Эмиль СадыровЖелезнодорожная платформа в Бишкеке
Железнодорожная платформа в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Факты боюнча кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы" мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан жалпысынан 432 миллион сомго 150 даана универсалдуу темир жол вагондорун сатып алуудагы сынакта мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта аталган мекеменин кээ бир кызматкерлери мыйзамды бузуп, бюджеттик каражат үнөмдөлбөй колдонулганы белгиленген.

"Темир жол товарларын өндүрүүчү алдыңкы заводдор жарым вагондорду 35 миң доллардан жеткирүүнү сунуштаган. Бирок тендердик комиссия аны четке кагып койгон. Ал эми жарым вагондорду 41 миң долларга сунуштаган чыгашалуу ортомчу компания жеңүүчү деп табылган. Ошондой эле комиссия техникалык өзгөчөлүктөр талабын караган эмес. Тагыраагы, 12-132 үлгүсүндөгү кузовунун көлөмү 88 метр куб болгон жарым вагондун ордуна 12-9796 үлгүсүндөгү 78 метр кубдук жарым вагон сатылып алынган. Натыйжада мамлекетке 69 миллион сомдон ашык зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.

Состоялась церемония открытия нового здания Генеральной прокуратуры - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура атайын эсепке 16,4 млн. сом которду
Факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси («Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу») боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Азыркы убакта УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, "Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы" мамлекеттик мекемеси темир жол жарым вагондорун сатып алууда Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунан кредиттик эсепке түшкөн каражат колдонулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0