Өзгөндө миллион сомдук алтын буюм, 380 миң сом акча уурдады делгендер кармалды. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВрачи Чаткальского района подозреваются в присвоении 1 млн сомов
Врачи Чаткальского района подозреваются в присвоении 1 млн сомов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышка шектүүлөрдүн буга чейин дагы сот жоопкерчилигине тартылганы айтылды.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Өзгөн шаарында тургундун үйүнөн 380 миң накталай акча менен бир миллион сомдук алтын буюм уурдоого шектелип беш киши кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, окуя үстүбүздөгү жылдын 28-мартында болгон. Өзгөн шаарынын 51 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган.

© Фото / Зульфия ТургуноваӨзгөн шаарында тургундун үйүнөн 380 миң накталай акча менен бир миллион сомдук алтын буюм уурдоого шектелип беш киши кармалды.
Өзгөн шаарында тургундун үйүнөн 380 миң накталай акча менен бир миллион сомдук алтын буюм уурдоого шектелип беш киши кармалды. - Sputnik Кыргызстан
1/5
Өзгөн шаарында тургундун үйүнөн 380 миң накталай акча менен бир миллион сомдук алтын буюм уурдоого шектелип беш киши кармалды.
© Фото / Зульфия ТургуноваОкуя үстүбүздөгү жылдын 28-мартында болгон.
Окуя үстүбүздөгү жылдын 28-мартында болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Окуя үстүбүздөгү жылдын 28-мартында болгон.
© Фото / Зульфия ТургуноваӨзгөн шаарынын 51 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган.
Өзгөн шаарынын 51 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Өзгөн шаарынын 51 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган.
© Фото / Зульфия ТургуноваШектүүлөр буга чейин терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо, алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү, өзүм билемдик, улуттук, этностор аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу боюнча сот жоопкерчилигине тартылган.
Шектүүлөр буга чейин терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо, алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү, өзүм билемдик, улуттук, этностор аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу боюнча сот жоопкерчилигине тартылган. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Шектүүлөр буга чейин терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо, алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү, өзүм билемдик, улуттук, этностор аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу боюнча сот жоопкерчилигине тартылган.
© Фото / Зульфия ТургуноваАлардын жашаган турак жайын тинтүүгө алган учурда алтын буюмдар далил катары табылган.
Алардын жашаган турак жайын тинтүүгө алган учурда алтын буюмдар далил катары табылган. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Алардын жашаган турак жайын тинтүүгө алган учурда алтын буюмдар далил катары табылган.
1/5
Өзгөн шаарында тургундун үйүнөн 380 миң накталай акча менен бир миллион сомдук алтын буюм уурдоого шектелип беш киши кармалды.
2/5
Окуя үстүбүздөгү жылдын 28-мартында болгон.
3/5
Өзгөн шаарынын 51 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган.
4/5
Шектүүлөр буга чейин терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо, алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү, өзүм билемдик, улуттук, этностор аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу боюнча сот жоопкерчилигине тартылган.
5/5
Алардын жашаган турак жайын тинтүүгө алган учурда алтын буюмдар далил катары табылган.

"Криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракети менен шектүү катары беш адам кармалды. Өзбекстандын 59 жаштагы, Жалал-Абад облусунун 24 жаштагы эки тургуну, ошондой эле Өзгөн районунун 47 жана 43 жаштагы эки жашоочусу уурулукка шектелүүдө", — деди Аширбаев.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ууруга кирген бала дүкөндүн терезесине кыпчылып калды. Сокулуктагы окуянын сүрөтү
Маалымат катчы кошумчалагандай, шектүүлөр буга чейин терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо, алдоо же ишенимден кыянаттык менен пайдалануу аркылуу мүлктүк зыян келтирүү, өзүм билемдик, улуттук, этностор аралык, расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу боюнча сот жоопкерчилигине тартылган.

Алардын жашаган турак жайын тинтүүгө алган учурда алтын буюмдар далил катары табылган.

Учурда кылмышка шектүүлөргө карата Кылмыш жаза кодексинин 200-беренеси ("Уурдоо") менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки иштер башталганы айтылат.

Өзгөн райондук соту шектүүлөрдү эки айга камакка алуу чечимин чыгарып, алар Ош шаарындагы тергөө абагына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0