УКМК: Тарых музейин оңдоодогу коррупциялык иштерде Атамбаевдин аты аталууда

Жазылуу
Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер боюнча козголгон кылмыш ишти тергөөдө экс-президент Алмазбек Атамбаевдин аты аталган учурлар бар. Бул тууралуу УКМКнын Тергөө башкармалыгынын жетекчиси Сагынбек Самидин уулу билдирди.

Эскерте кетсек, учурда Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн күнөө коюу боюнча түзүлгөн Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы кезектеги отурумун өткөрүүдө. Анда комиссия мүчөлөрү УКМК менен Башкы прокуратуранын маалыматын угуп жатат.

"Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгынан улам башка маалымат бере албайбыз", — деди өкүл.

Тарых музейинин айланасындагы чыр

Белгилей кетсек, Мамлекеттик тарых музейин оңдоо 2016-жылы 25-мартта башталган. Ал 2018-жылы 31-августта ачылмак, бирок мөөнөтүндө иштеген эмес.

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Шамил Атаханов суракта Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берди
Башкы прокуратура Тарых музейин оңдоого жана жабдуу сатып алуу үчүн бюджеттен бөлүнгөн каражаттын мыйзамсыз колдонулушу боюнча кылмыш ишин былтыркы жылдын 13-июлунда козгогон.

Башкы көзөмөл органы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Архитектура, курулуш жана турай жай коммуналдык чарба агенттигинин Жарандык курулуш департаментинин кызмат адамдары конкурс өткөрбөй туруп "С" ЖЧКсы менен оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 690 миллион 500 миң сомго келишим түзгөн. Андан сырткары, музейге жабдуу сатып алуу үчүн 869 миллион 447 миң 114 сомдук келишимге кол койгон.

Бирок келишимде көрсөтүлгөн сумманын 1 миллиард 520 миллион 309 миң 404 сому гана "С" ЖЧКсынын эсебине которулган. Аны менен катар "С" ЖЧКсы оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча подрядчы экенине карабай музейге жабдуу алуу үчүн жана акча бөлүү боюнча чечим кабыл алынганга чейин эле жабдуу алуу үчүн немистердин "Р" компаниясы менен 8 миллион 890 миң 321 евролук келишим түзгөн. Ошол эле учурда кандай жабдууларды алып келүү керектигин немис компаниясы өзү чечкен. Жыйынтыгында музейдин концепциясына туура келбеген, баасы 55 миллион 593 миң 772 сомдук жабдуулар алып келингени аныкталган.

Ошондой эле кафетерий үчүн 23 миллион 823 миң 644 сомго алынган жабдуу мыйзамсыз түрдө экспонаттар менен чогуу бир бөлмөгө коюлуп, дээрлик колдонулбайт.

Кыргызстандын аймагынан эле табууга боло турган айрым курулуш материалдары Германиядан кымбат баада алып келинген.

Арест подозреваемого в краже - Sputnik Кыргызстан
Экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине тартуу. Мыйзам эмне дейт?
Тергөө учурунда "С" компаниясы менен "Р" компаниясынын ортосунда чет элдик валютада мыйзамсыз түзүлгөн келишимден улам евронун сомго болгон катышынын айырмасы 42 миллион 311 миң 428 сомду түзгөнү аныкталган.

Андан сырткары, Эсеп палатасы түзгөн акт боюнча оңдоо иштерин жүргүзгөн "С" ЖЧКсы жасалган иштердин наркын 20 миллион 310 миң сомго жогорулатып көрсөткөн.

Ошентип жыйынтыгында бюджеттен бөлүнгөн каражаттын 118 миллион 215 миң 200 сому мыйзамсыз коротулган.

Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаковго айып тагылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0