Бишкекке жакын айылда ММА мушкерин сабап кетишти

© Фото / предоставлено родственниками Мусы ЮсуповаЧүй облусунун Виноградное айылында ММА мушкери Муса Юсуповдун сабалгандыгын милициядагы маалымат булактарынан кабарлашты.
Чүй облусунун Виноградное айылында ММА мушкери Муса Юсуповдун сабалгандыгын милициядагы маалымат булактарынан кабарлашты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя бүгүн, 18-июнда болгон.

БИШКЕК, 18-июн.— Sputnik. Чүй облусунун Виноградное айылында ММА мушкери Муса Юсуповдун сабалгандыгын милициядагы маалымат булактарынан кабарлашты.

Муштум. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги массалык мушташ. Милиция анын катышуучуларын тапты
Агенттикке айтып берген адам мушкер мечиттен келе жатканда арматура менен сабашкандыгын айтты. Юсупов ооруканага түшүп, буту сынган жана бир нече жеринен жаракат алган.

Анын бир тууганы Мамеддин айтып бергенине караганда, бутунун сөөктөрү талкаланган. Буга чейин дагы бир операция жасалганы менен дарыгерлер дагы бир жолу жасоо керектигин айтышкан.

"Аны жети киши сабаптыр, кээ бирлери алматылыктар деп айтылды. Буга алардын ортосундагы мамиле себеп болуптур", - деди бир тууганы.

Чүй облустук милициядан бул чатак туурасында кийинчерээк маалымат берерин айтышты.

Буга чейин mma-oracle сайты Муса Юсупов спорттогу карьерасын 2017-жылы баштагандыгы жана буга чейин беш беттеш өткөрүп, үчөөндө жеңгендигин жазган. WEF турнирине да катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0