Бычак. Архивдик сүрөт

Бүгүн Кара-Балтада эне-бала мыкаачылык менен өлтүрүлдү

4148
(жаңыланган 10:02 20.06.2019)
Беткапчан кишилер эне-балага бир нече ирет бычак сайган.

БИШКЕК, 19-июн. – Sputnik. Кара-Балтада эне-бала киши колдуу болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

19-июнь күнү саат 18.00дө 30 жаштагы аял анын кайненеси менен жолдошуна беткапчан кишилер кол салганын билдирген.

Жерине келген укук коргоочулар 53 жаштагы аял менен 31 жаштагы кишинин бычакталган сөөгүн табышкан. Факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголду.

Чүй ОИИББ менен Жайыл РИИБинин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тийиштүү экспертиза дайындалды.

4148
Белгилер:
адам өлтүрүү, кылмыш, Кара-Балта
Тема боюнча
АКШда мурдагы мамлекеттик кызматкер 12 кишини атып өлтүрдү
Ошто 8-класстын окуучусун бычактап өлтүрдү делген өспүрүм камакка алынды
Индиядагы Кожикоде шаарында конуп жатканда кырсыкка учураган учак

Индиядагы учак кырсыгы: каза болгондордун саны 20га жетти

19
(жаңыланган 10:54 08.08.2020)
Дубайдан келген учактын ичинде 190 адам болгон. Лайнерде пандемиядан улам мекенине келе албай чек арада калган индиялыктар отурган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Индиядагы Кожикоде шаарында учак конуп жатканда кырсыкка учураган учакта каза болгондордун саны 20га жетип, 140ы жарадар болду. Бул туурасында Hindustan Times басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эске салсак, кечээ Индияда учак кырсыгы катталган. Алгач 17 киши каза болуп, 123ү жарадар болгондугу айтылган.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун ичинде эки учкуч да бар. Дубайдан келген Boeing 737 учагынын ичинде 190 адам болгон. Алардын 174ү чоң адамдар, ону балдар жана алты экипаж мүчөсү. Учакта пандемиядан улам мекенине келе албай чек арада калган индиялыктар болгон.

19
Белгилер:
өлүм, кырсык, учак, Дубай, Индия
Тема боюнча
Иран 167 жүргүнчүсү менен атып түшүргөн учак үчүн компенсация төлөйт
14 киши көз жумду. Индияда учак экиге бөлүнүп кетип, кырсыктаган видео
Индиядагы Кожикоде шаарында учак конуп жатканда жерге катуу тийген

14 киши көз жумду. Индияда учак экиге бөлүнүп кетип, кырсыктаган видео

243
(жаңыланган 23:55 07.08.2020)
Алдын ала маалыматка ылайык, Boeing 737 учагы Дубайдан келген. Анын бортунда 170тен ашык жүргүнчү болушу мүмкүн экени айтылган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Индиядагы Кожикоде шаарында учак конуп жатканда жерге катуу тийип, 14 адам каза таап, 123ү жарадар болду. Бул туурасында РИА Новости ANI агенттигине шилтеме берип кабарлады.

Алдын ала берилген маалыматта, Дубайдан келген Boeing 737 учуп-конуучу тилкеден чыгып кетип, андан кийин экиге бөлүнүп калган.

Индиянын Авиация министрлигинен учактагы 174 жүргүнчүнүн ону балдар, бешөө экипаж мүчөсү болгонун кабарлады.

Кырсык болгон жерге Тез жардамдын 24 бригадасы жиберилген. Учактын алдыңкы бөлүгү үзүлүп түшкөндөн кийин, бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланган.

"Бактыга жараша учак өрттөнүп кеткен жок", — деген маданият жана туризм министри Альфонс Каннантанам Twitter баракчасына маалымат чыгарып.

NDTV телеканалы кырсыктан улам 30 киши ооруканага жеткирилгенин айтат.

​Учактын алдыңкы бөлүгү толук бойдон талкаланып, учуу тилкесине жана анын чет жактарына сыныктар чачыраган.

Кералынын башкы министри Пинарайи Виджаян полиция, өрт өчүрүүчүлөргө жана тийиштүү чиновниктерге авиакырсыкка карата куткаруу жана медициналык жардам көрсөтүү боюнча чукул чараларды көрүүнү тапшырган.

243
Белгилер:
куткаруу, кырсык, учак, Индия
Тема боюнча
Бразилияда учак автожолго кулап, талкаланып калды. Видео
Кыргызстандан чыккан Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Валентина Шевченко. Архив

Шевченко октагонго кайтты! UFC ал наамын коргой турчу күндү так айтты

0
Атамекендик спортчу октагондо бразилиялык Женнифер Майя менен кез келет. Бул Шевченконун ушул жылдын эсебинен экинчи кармашы болмокчу.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандан чыккан Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Валентина Шевченко наамын 21-ноябрда UFC 255 турниринин алкагында коргойт. Бул тууралуу уюмдун президенти Дана Уайтка таянуу менен MMAJunkie порталы жазды.

Буга чейин Шевченко бразилиялык Женнифер Майя менен беттеш өткөрө турганы айтылып, датасы такталган эмес. Бирок кайсы шаарда болору дагы деле белгисиз. Себеби уюм пандемияга байланыштуу мурдагыдай чоң өлкөлөрдү аралап турнир өткөрө албайт.

Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

Кыргызстандык спортчу акыркы кармашын ушул жылдын 8-февралында Хьюстондогу UFC 247 турниринин алкагында өткөрүп, америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен утуп алган. Шевченко бул кармаштан кийин бутунан жаракат алып, операция жасатып чыккан. Ал ортодо шотландиялык Жоан Калдервуд менен октагондо кез келери айтылып, бирок ишке ашпай калган.

Ал эми Калдервудду жакында эле Валентинанын болочок атаандашы, тагыраагы, күзүндө кармаша турчу Женнифер Майя колун кайрып утуп алган.

0
Белгилер:
турнир, чемпион, беттешүү, Валентина Шевченко, UFC
Тема боюнча
Шевченко: Нуньес мен көздөгөн акыркы атаандаш
Валентина Шевченконун титулун кантип коргой турганы маалымдалды. Видео