Москвада бычак жеп өлгөн мигрант жигит. Кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековВозбуждение уголовных дел в КР
Возбуждение уголовных дел в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жигиттин өлүмүнө себепкерлер изделүүдө.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Москва шаарында массалык мушташтан кийин көз жумган кыргызстандыктын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн Кара-Балтада эне-бала мыкаачылык менен өлтүрүлдү
Эске салсак, окуя 19-июнь күнү таңкы 5.30дарда "Электрозаводская" метро станциясынын жанында болгон. Анда 18-20 жаштагы балдардын тобу Большая Семеновка көчөсүндөгү "Иссык-Куль" ресторанында эс алып чыккандан кийин уруша кеткен. Балдардын бири бычак жеп каза болгону айтылган.

Элчиликтин маалыматы боюнча, Чыгыш автономиялык округу боюнча Тергөө башкармалыгынын Измайловский райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы кезде шектүү адамдарды кармоо үчүн иликтөө иштери жүрүүдө.

Ал эми каза болгон жарандын сөөгүн мекенине жөнөтүү боюнча тийиштүү документтер даярдалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0