Чоң Чүй каналы.  Архивдик сүрөт

Бутуна кыш байланган кишинин сөөгү Канттагы каналдан табылды. Шектүү аталууда

1020
(жаңыланган 11:21 20.06.2019)
Тергөөдөгү алдын ала маалыматтарга караганда, күйөөсүнүн өлүмүнө аялынын тиешеси бар.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери 44 жаштагы аялды күйөөсүн өлтүрүшү мүмкүн деген шек менен кармашты. Бул туурасында Чүй облустук милициясы кабарлады.

19-июнда ӨКМдин кызматкерлери милицияга Кант аркылуу агып өткөн Чоң Чүй каналынан кыйналып өлтүрүлгөн деп шек жараткан кишинин сөөгү табылганын билдиришкен. Маркумдун бутуна жип менен кыш байланганы кошумчаланган.

"Окуя болгон жерге ыкчам иштеген топ жетип барып, маркумдун Дмитриевка айылынын 52 жаштагы тургуну экендигин аныктады. Факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жазык кодексинин 130-беренесинин ("Киши өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта.

Маркумдун бул ишке тиешеси бар деп шектелген 44 жаштагы аялы кармалган. Тергөөдө кылмыштын жубайлар урушуп жатканда жасалганы айтылууда. Ал кандуу окуянын изин жашыруу үчүн күйөөсүнүн өлүгүнүн бутуна кыш байлап, сууга чөктүрүп жиберген деген божомол айтылууда.

Бул окуя боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, аял Ысык-Ата райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал эми тартип сакчылары окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

1020
Белгилер:
сууга чөгүү, күйөө, аял, уруш, Кант, Чүй облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Москвада бычак жеп өлгөн мигрант жигит. Кылмыш иши козголду
Аялын күрөк менен башка чаап, сөөгүн кыкка көөмп салган. Июндагы соттук чечимдер
Индиядагы Кожикоде шаарында конуп жатканда кырсыкка учураган учак

Индиядагы учак кырсыгы: каза болгондордун саны 20га жетти

61
(жаңыланган 10:54 08.08.2020)
Дубайдан келген учактын ичинде 190 адам болгон. Лайнерде пандемиядан улам мекенине келе албай чек арада калган индиялыктар отурган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Индиядагы Кожикоде шаарында учак конуп жатканда кырсыкка учураган учакта каза болгондордун саны 20га жетип, 140ы жарадар болду. Бул туурасында Hindustan Times басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Эске салсак, кечээ Индияда учак кырсыгы катталган. Алгач 17 киши каза болуп, 123ү жарадар болгондугу айтылган.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун ичинде эки учкуч да бар. Дубайдан келген Boeing 737 учагынын ичинде 190 адам болгон. Алардын 174ү чоң адамдар, ону балдар жана алты экипаж мүчөсү. Учакта пандемиядан улам мекенине келе албай чек арада калган индиялыктар болгон.

61
Белгилер:
өлүм, кырсык, учак, Дубай, Индия
Тема боюнча
Иран 167 жүргүнчүсү менен атып түшүргөн учак үчүн компенсация төлөйт
14 киши көз жумду. Индияда учак экиге бөлүнүп кетип, кырсыктаган видео
Индиядагы Кожикоде шаарында учак конуп жатканда жерге катуу тийген

14 киши көз жумду. Индияда учак экиге бөлүнүп кетип, кырсыктаган видео

264
(жаңыланган 23:55 07.08.2020)
Алдын ала маалыматка ылайык, Boeing 737 учагы Дубайдан келген. Анын бортунда 170тен ашык жүргүнчү болушу мүмкүн экени айтылган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Индиядагы Кожикоде шаарында учак конуп жатканда жерге катуу тийип, 14 адам каза таап, 123ү жарадар болду. Бул туурасында РИА Новости ANI агенттигине шилтеме берип кабарлады.

Алдын ала берилген маалыматта, Дубайдан келген Boeing 737 учуп-конуучу тилкеден чыгып кетип, андан кийин экиге бөлүнүп калган.

Индиянын Авиация министрлигинен учактагы 174 жүргүнчүнүн ону балдар, бешөө экипаж мүчөсү болгонун кабарлады.

Кырсык болгон жерге Тез жардамдын 24 бригадасы жиберилген. Учактын алдыңкы бөлүгү үзүлүп түшкөндөн кийин, бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланган.

"Бактыга жараша учак өрттөнүп кеткен жок", — деген маданият жана туризм министри Альфонс Каннантанам Twitter баракчасына маалымат чыгарып.

NDTV телеканалы кырсыктан улам 30 киши ооруканага жеткирилгенин айтат.

​Учактын алдыңкы бөлүгү толук бойдон талкаланып, учуу тилкесине жана анын чет жактарына сыныктар чачыраган.

Кералынын башкы министри Пинарайи Виджаян полиция, өрт өчүрүүчүлөргө жана тийиштүү чиновниктерге авиакырсыкка карата куткаруу жана медициналык жардам көрсөтүү боюнча чукул чараларды көрүүнү тапшырган.

264
Белгилер:
куткаруу, кырсык, учак, Индия
Тема боюнча
Бразилияда учак автожолго кулап, талкаланып калды. Видео
Хирург операция учурунда. Архив

Дарыгерлер уйкусурай берген баланын башынан ок табышты

9
(жаңыланган 12:17 08.08.2020)
Баарынын жүрөгүн түшүргөн компьютердик томографиянын жыйынтыгы — баланын башында ок бар экенин көрсөттү.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Чыгыш Иерусалимде медиктер тогуз жашар баланын башынан ок табышты, анын ата-энеси баласынын дайыма уйкусурап жүрөрүн айтып даттанышканын The Daily Mail жазды.

Баласынын жүрүм-турумуна кабатырланган ата-эне дарыгерлерге кайрылышкан. Алар тогуз жашар баласынын дайыма уйкусурап, шалдырап жүргөнүн байкашкан. Дарыгерлер медициналык кароодо палестиналык өспүрүмдүн башынын арт жагынан карттанып калган анча чоң эмес жараатты көрүшкөн.

АКШда телекөрүүчү алып баруучунун ракка кабылганын аныктоого жардам берген

Компьютердик томографиянын жыйынтыгы менен баланын башында ок бар экендиги баарынын жүрөгүн түшүрдү. Дарыгерлер алгач анын башындагы жараатты достору менен ойноп жүрүп кокустатып алган го деп ойлошкон.

Бейтап дароо операцияга киргизилген. Ийгиликтүү өткөн операциядан кийин бала акырындан өзүнө келүүдө. Нейрохирургдардын бири белгилегендей, эгер ок бир аз башка жагынан киргенде бала каза болуп калмак.

Полиция аталган факт боюнча териштирүү иштерин баштады.

9
Белгилер:
баш, бала, дарыгер, Иерусалим
Тема боюнча
Британия: кош бойлуумун деп жүргөн аял өлүмгө жетелеген оорусун билди