Муштум. Архивдик сүрөт

Киши колдуу болгон прокурордун сотунда чыр чыгып, шектүүнүн эжеси жаакка жеди. Видео

3528
(жаңыланган 14:06 21.06.2019)
Баткенде киши колдуу болуп каза болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча сот ишинин жүрүшүндө эки тараптын ортосунда чыр чыкты.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Соттук отурум 17-июнь күнү Ош шаардык сотунда болгон. Шектүү Мелис Калыковдун жакындары Sputnik Кыргызстан агенттигине соттук отурум учурунда эки тараптын ортосунда пикир келишпестик чыкканын билдиришти. 

Алардын айтымында, судья Мелис Калыковдун айрым жакындарын сыртка чыгарып, ал эми маркум Анарбай Мамажакыповдун тарапташтарын залда калтырып койгон. Буга нааразычылык күчөп, ортодо чыр чыккан. Окуянын видеосу YouTube каналына жүктөлдү.

"Ызы-чуу учурунда маркум Анарбай Мамажакыповдун бир тууган иниси Мелис Калыковдун эжесин жаакка чапты", — дешти шектүүнүн жакындары.

Ал эми шаардык милициянын маалымат кызматынын өкүлү Абсатар Тавакалов жаакка жеген Баткен шаарынын 65 жаштагы жашоочусу Гүлбара Абдирашитова Өскөнбай Мамажакыповго каршы милицияга арыз жазды.

Аялдын арызы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жаза кодексинин 266-беренеси боюнча ("Ээнбаштык") катталды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, прокурор Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдон табылган. Ага шектүү катары Баткен мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Милициянын маалыматы боюнча, ал Мамажакыповду мергенчилик курал менен атып, андан соң кылмышын жашыруу максатында денесин өрттөп салган.

3528
Белгилер:
кылмыш, прокурор, Баткен
Тема:
Прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмү (16)
Тема боюнча
Бишкектеги массалык мушташ. Милиция анын катышуучуларын тапты
Маркум Мамажакыповдун туугандары: башка прокурорлордун аялдары да бир нерсе билген