БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ош облусунда жашаган атасына качып бара жаткан эки кыздын Бишкектеги эжеси табылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эске салсак, 20-июнь күнү кечинде Акыйкатчы институтуна такси айдоочусу 7 жана 11 жаштагы эки кыздын Ошко бара жаткандыгы тууралуу кабар берген. Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева кыздарга кезигүү үчүн бекетке барып, окуянын чоо-жайын билген. Окуучулар атасынын бир тууганынын ур-токмогунан качып, Ошко кетип бата жатканын айткан. Андан соң кыздар Бишкек шаардык Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун кызматкерлерине өткөрүп берилген.
"Энеси 2017-жылы каза болгон кыздарды атасынын Бишкек шаарында турган эжеси багып жүргөн экен. Өзүн алардын эжесимин деп тааныштырган 50 жаштагы аял Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборуна келди. Ага сиңдилерине аталган жайга келип кезигип турууга гана уруксат берилди", — деп айтылат билдирүүдө.
Атасы Ош облусунда жашап, куруучу болуп иштей турганы белгилүү болду. Бирок туруктуу жашаган жери жок болгондуктан, кыздарын эжесине ишеним кат менен таштап кеткен.
Маалыматка караганда, анын өзү менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Ал эми Октябрь райондук администрациясынын кызматкерлери кыздар буга чейин жашаган үйдүн шартын текшермей болушту.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Түркиянын жээгинде чөгүп кеткен Arvin кемесинин 13 экипажы Украина жарандары экени аныкталды. Алты морякты куткарып алышса, экөө каза болгону айтылды. Бул туурасында РИА Новости Бартын провинциясынын губернатору Синан Гүнерге таянып кабарлады.
Буга чейинки алгачкы маалыматтарда кемедегилер россиялыктар деп айтылган, кийинчерээк алардын украиналыктар экени кабарланды.
Моряктардын россиялык кесиптер бирлигинен Arvin кемесинин оператору Tesoro Marine деп аталган украиналык компания болгонун билдиришкен.
"Ал жакта менеджмент украиналык. Одессадан, Tesoro Marine", — деп айтышкан профсоюздан.Буга чейин Anadolu агенттиги Бартын провинциясынын губернатору Синан Гүнерге таянып, россиялык жүк ташуучу кеменин Түркиянын Инкуму аймагында сууга чөгүп кеткендигин жазган эле.
Губернатор дагы эки моряк тирүү табылганын, бирок аба ырайынын катаал шартынан улам аларга жетүү кыйын болуп жаткандыгын кошумчалаган.
Экипаждын 13 мүчөсүн куткаруу иштери башталган.
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган конушта өрт саат 13:00 чамасында чыгып, ага ӨКМден эки бөлүм тартылган.
Жабыркагандар жана каза тапкандар жок. Өрттүн себеби такталууда.
2020-жылы пандемия убагында 19 миллион жүргүнчү ташыдык. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 10 миллион кишиге аз. Бул тууралуу Талантбек Капаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, троллейбус айдоочуларынын айлык акысы 12-20 миң сомго жетет.
"Бишкек троллейбус башкармалыгында 183 троллейбус бар. 120 транспорт 11 маршрут боюнча линияга чыгып, каттамдарды тейлейт. Жалпы жамаатта 700дөй кызматкер иштейт. Ишканага 2013-жылы 79 жаңы троллейбус, 2018-жылы дагы 52си алынган. Ал эми 1989-1990-жылдары чыгарылган жалпы 27 троллейбустун эскилиги жеткендиги тууралуу мэрияга айтылды. 2020-жылдын башынан тарта "Тулпар" көзөмөл кызматы менен иштеше баштадык. Шаар тургундары электрондук билетке толугу менен өтсө жүргүнчүлөрдүн саны, бюджетке түшкөн каражат боюнча ачык-айкындуулук болот эле", — деди Капаров.
Жетекчи ошондой эле бир троллейбусту капиталдык ремонттон өткөрүүгө болжол менен 150 миң сом талап кылынарын кошумчалады.