Аялын куткарам деп кошо чөгүп… Араванда сууга аккан жубайлар 2 күндөн бери изделүүдө

© AFP / Jure MAKOVECНовогоднее плавание на Адриатическом море в Портороже
Новогоднее плавание на Адриатическом море в Портороже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түгөйлөр июнь айынын баш ченинде үйлөнүшкөн.

ОШ, 21-июн. – Sputnik. Араван районундагы Түштүк Фергана каналына агып кеткен жаш жубайлар эки күндөн бери табыла элек. Бул маалыматты облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев тастыктады.

Билдирүүгө ылайык, жубайлар Нур-Абад айыл өкмөтүндөгү Кайрагач-Арык айылынын жашоочулары болчу. Алар июнь айынын баш ченинде үйлөнүшкөн.

Кыргызстанда жыл башынан бери 40 киши сууга чөктү. ӨКМдин эскертүү видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жыл башынан бери 40 киши сууга чөктү. ӨКМдин эскертүү видеосу
20-июнь күнү саат 11:00дөр чамасында келинчеги кокусунан сууга түшүп кеткен. Жолдошу аны куткаруу үчүн артынан сууга секирген. Жубайлардын суудан чыга албай жатканын көргөн жээктеги жигиттердин бири да каналга түшкөн. Бирок ал кайра жээкке чыгып, жолдошу менен келинчегин суу агызып кеткен.

Окуя катталары менен жубайларды издөө иштерине 20 милиция кызматкери жана ӨКМден 22 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 21-июнь күнү дагы, издөө иштери улантылып жатат. Бирок жубайлар табыла элек.

ИИМ ӨКМ менен биргеликте Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине издөө иштерине көмөктөшүү боюнча кайрылуу жолдоду.

Маалыматта жигиттин 33, ал эми келиндин 22 жашта экени айтылат. Жубайлардын сууга эмнеге барганы азырынча белгисиз. Суу ичүүгө жарабагандыктан суу алып келүүгө барышы мүмкүн деген божомол четке кагылды.

Түштүк Фергана каналы Араван району аркылуу Өзбекстанга агып кетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0