Аида Салянованын абактагы мөөнөтү узартылды

Жазылуу
Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 4-июндун түнүндө ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

БИШКЕК, 21-июн. – Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурунку башкы прокурор Аида Салянованы 26-августка чейин №1 тергөө абагында калтыруу чечимин кабыл алды.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетиши боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында 3-июнда көрсөтмө берүү үчүн ИИМдин имаратына алынып келип, 4-июндун түнүндө ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Буга чейин Биринчи Май райондук соту аны 26-июнга чейин камакка алуу чечимин кабыл алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0